Индонезиянын жашоочусу Мухлис бин Мухаммедди никелүү аял менен көңүлдөш болгондугу үчүн коомчулуктун алдында катуу жазалашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Мухлисти кылмыш үстүнөн Ачех аймагынан кармап алышкан. Жазалоо катары ал бамбук таягы менен 28 жолу урууга буюрулган. Ал эми анын көңүлдөшү болгон аялды 23 жолу урушкан.
Мухлис бин Мухаммед буга чейин жубайлардын көңүлдөш менен мамиле куруусуна карата жазалоо мыйзамын киргизүү ишине катышкан.
Ачех аймагында исламдын катуу мыйзамдары өкүм сүрөт. Бул аймакта алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга жана сатууга, кумар оюндарына, бир жыныстуу мамилелерге, ошондой эле шариаттын мыйзамдарына туура келбеген жоруктарга тыюу салынган. Жазалоо башкаларга сабак болуусу жана кайталанбашы үчүн ачык аянтта, коомчулуктун алдында өтөт.
Бул алгачкы жазалоо эмес, буга чейин сексуалдык мамиледе болгон эки эркек кишиге жергиликтүү мыйзам өкүлдөрү бамбук таягы менен 83 жолу уруу өкүмүн чыгарган.