Кыргыз спортчулары Румынияда өтүп жаткан кол күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, кыргыз спортчусу Жибек Каратаева 50 килограммга чейинки салмакта, оң кол боюнча күрөштө дүйнө чемпиону аталды. Мындан тышкары, Каратаева сол кол менен болгон күрөштө күмүш медалга ээ болду.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Нурбек Алиев 60 килограммга чейинки салмакта сол кол боюнча күрөштө күмүш медалды жеңди. Ал эми Асхат уулу Өмүр дагы 60 килограммга чейинки салмакта сол колу менен күрөшүүдө күмүш байгеге татыды.
Маалыматка ылайык, кол күрөш боюнча Дүйнө биринчилигине Кыргыз өлкөсүнүн атынан 17 спортчу барган. Мелдеш 4-ноябрда жыйынтыкталат.