Бишкекте жумушчу экскаватор алдында калып каза болду

Бишкекте жылуулук тармагындагы оңдоп-түзөө иштеринде кырсык орун алды. Анда бир жумушчу экскаватор алдында калганы айтылды. "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы бул маалыматты тастыктады.

Кырсык 31-октябрда Лев Толстой көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрүн оңдоо учурунда орун алган. Анда экскаватор аңга түшүп жумушчуну басып калган. Каза болгон жумушчу "Кайнар" компаниясынын Д.А. аттуу кызматкери болгон. Компания каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөрүн билдирген.

Учурда бул факт укук коргоо кызматкерлери тарабынан тергөөгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2019-11-02 16:29:47
Намаз окуп журолу туугундар олум кутуусуз келет Аллах ырайымына алсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан