Жалал-Абад. Бел боо күрөшү боюнча 7 спортчу Азия оюндарына катышат

Жалал-Абад облусундагы бел боо күрөшү боюнча 7 спортчу Иранда өтө турган Азия оюндарына катышат. Мындай маалыматты бүгүн, 13-августта спортчу Нурбек Аканов билдирди. Айтымында, спортчулар Арстанбап айылында Азия оюндарына даярданып, машыгууларды өткөрүшкөн. "Алар 15-августта Бишкекке барып, Кыргызстандын курама командасы менен биргеликте Иранга сапар алышат. Бел боо күрөшү биздин ата-бабаларбыздан мураска калган спорт оюну болуп саналат. Спорттун ушул түрү боюнча машыккан Кыргызстандын спортчулары өтө күчтүү болушат. Андыктан байгелүү оорундарга жетебиз деген үмүтүбүз чоң", - дейт Аканов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан