Дубайдын 36 жаштагы ханзаадасы шейх Хамдан бин Мухамед аль-Мактум Ташкент шаарына сапар менен барып кетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Анда мураскер ханзаада Өзбекстандын президенти жана анын үй-бүлөсү менен жолукканы айтылды.
“Мухамед аль-Мактумдун Өзбекстанга болгон сапарынын максаты айтылган жок. Бирок ал президенттин үй-бүлөсүнүн курчоосунда аш жеп, күнөстүү өлкөдө күнүн жакшы өткөрүп жатканын айтып, сүрөттөрдү Инстаграм баракчасына жүктөгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Дубай ханзаадасы Өзбекстандын Новои облусуна келип, тоодактарга аңчылык кылганы маалым.