Орусияда 25-октябрда Рамиль Шамсутдинов аттуу 20 жаштагы аскер кызматкери өзү менен бирге кызмат өтөгөн 8 адамды атып өлтүргөн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышкан.
Кылмыш Орусиянын Улетов районунда жайгашкан аскердик бөлүктө орун алган. Орусиянын Коргоо министрлиги, анын мындай кадамга барышын “депрессиянын жана нервинин чыңалуусунун” айынан деп түшүндүргөн.
31-октябрда социалдык тармактарда Шамсутдиновду офицерлер чектен ашуу менен кордоп жаткан видео тарап кеткен. Мындан кийин Шамсутдиновду кылмышка аскер бөлүгүндөгү кордукка бул ишке түрткөндүгү тууралуу сөздөр айтыла баштады. Буга шектүүнүн туугандары, тааныштары жана анын кызматташтары дагы кошулган.
Маалым болгондой, учурда аскер кызматкери камакта. Ал эми социалдык тармактарда Шамсутдиновду бошотуу боюнча кол топтоо башталып, ага 12 миңден ашык адам кол койгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги аталган видео тууралуу үн ката элек.