Бишкек шаарынын жаштар курама командасы Красноярск шаарында өткөн эл аралык турнирде 2 алтын жана 1 коло медаль утушту

Бишкек шаарынын жаштар курама командасы Красноярск шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

Анда, турнирге Орусия жана КМШ өлкөлөрүнөн келген 16 жашка чейинки 300 спортчу катышкан.

"Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары тайпалык эсепте алдыңкы үчтүккө кирген. Бизден 38 килограмм салмакта Ислам Акимбаев алтын медаль утса, Юхан Доктурбек уулу дагы 44 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду. Ал эми 48 килограмм салмакта Миран Акимбаев коло медаль тагынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан