"Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу үйлөндү

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер көк бөрүчүсү" наамына талапкер "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу Нуржан SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 1-ноябрь күнү сүйүктүүмдү ата-энеси кыргыздын салты менен узатып, үйгө алып келгенбиз. Келинчегимдин аты - Азиза, 2002-жылы туулган. Экөөбүз бир жылга жакын сүйлөшүп жүрдүк. Үйлөнөр алдында 7 өлчөп, бир кесип ушул чечимге келдим. Сүйүктүүмдү үйгө алып келип, көңүлүм ток, кубанып жүрөм. Кудай буюрса, эмки жума Таласта үйлөнүү тоюбузду беребиз", - дейт Нуржан.

Белгилей кетсек, Нуржан Мелисбек уулу 1994-жылы 20-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында туулган. Нуржан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү, Ноорузга арналган турнирдин эки жолку жеңүүчүсү, "Мыкты улакчы" наамынын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
katerina.li
2019-11-02 19:04:25
Камаш керек сени. 18 ге толо элек кыз алыпсын. Статья менен кетесин. Она несовершеннолетняя
+13
tavanova.sarah
2019-11-02 19:40:25
Кызды судуроп кетпептирно))
Озу макул болуптур, ата-энеси деле унчукпагандай. Быросто бактылуу болсун!
-3
Chungyz
2019-11-02 19:56:50
Сот боло бербей тиричилик кылгыла
+3
Baihan07
2019-11-02 20:14:21
Куш бооңор бек болсун, кармашкан колуңар үзүлбөй түбөлүккө бирге болгула ананайындар,мыкты улакчы жигит бактылуу болгула.
+3
u02u02
2019-11-02 20:22:41
Свежий перегонго))
+2
Nevestkaa
2019-11-02 20:28:00
Кыз жаш го Нуржан.Жашын айтпай эле койбопсун.
+3
Kairat1996
2019-11-02 22:18:31
Эми аялынды жакшылап бак. Ары бери улак суйроп кетпей.
+6
Raatbek700
2019-11-02 23:08:36
Жакында машина Алам Аны айтам силерге чыгарып койгула сонку кабарга
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан