Кеминде 14 жаштагы кыздын жансыз денеси ээн калган имаратта табылган. Көп өтпөй кызды 20 жаштагы жаран зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барып, каршылык көрсөткөндө сабап өлтүрүп салганы аныкталган. Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп, даярдалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча тергөө иши аяктоо алдында турат.
"Экспертиза чыкты. Анда шектелип кармалган жаранга тийиштүү кан жана башка далил нерселер алыныптыр. Өткөн жумада кыздын кыркылыгын бергенбиз. Азыр баарыбызда шектүү тийиштүү жазасын алсын деген эле ой. Кыздын таенеси милицияда чуркап эле жүрөт", - деди кыздын таежеси.
Бул кылмышка шектүү катары милиция 20 жаштагы эркек адамды кармаган. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кашкелең айылынын тургуну К.А. болгон.