Англияда жүк ташуучу унаадан жансыз денеси табылган 39 адам Кытай жарандары эмес, Вьетнам өлкөсүнүн жарандары болгон. Алар тоңуп каза болушкан

Англиянын чыгышында жүк ташуучу унаанын ичинен жансыз денеси табылган 39 адам Вьетнамдын жарандары болгон. Буга чейин алардын Кытай жарандары экени айтылган эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 39 жаран жүк ташуучу унаанын ичинде тоңуп каза болушкан. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы боюнча маркумдардын аты-жөнү айтылбайт.

Учурда мигранттардын өлүмүнө шектелип кармалгандардын экөө камакта, ал эми 3 адам ноябрь айынын ортосуна чейин камактан бошотулушту.

Бул окуя боюнча Вьетнамдын премьер-министр Нгуен Суан Фук тергөө ишин жүргүзүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gitaris93
2019-11-03 20:06:36
Өткөндө кытайлар экен дегенсиңерго супер силер такталбаган маалыматты жаза бересиңер э кабар болсо болду деп
+8
ABAkg86
2019-11-03 22:53:05
Жейсон Стетхемдин "Эффект калибра" деген киносунда да ушинтип фура менен адам ташыйтго. Демек мындай нерсе европа олколорундо коп эле болуп келетго деп ойлоймун.
Канткенде да ар пендени Аллах сактай кор.
+5
Aishiteru
2019-11-03 23:16:57
Автобус мн Россияга кеткендерди көрүп жүрөгүм ооруган.Буга караганда автобус жакшы турбайбы.Байкуштар...
+5
tatynam_88
2019-11-04 10:52:22
3адам бошотулган дейт.ушундай оор кылмышта.А биздечи...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан