Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин учагынан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Синдзо Абэ 3-ноябрда Таиландга учуп бараткан. Анда Боинг-777-300ER үлгүсүндөгү учагынын арт жагынан өрт чыккан. Ал жерде ашпозчу тамак жасап жаткан. Өрт тез арада өчүрүлдү, андан эч ким жабыркаган эмес.
Япониянын премьер-министри Таиландга Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын иш-чараларына катышуу үчүн учуп бараткан.