Бүгүн, 14-августта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Древесный,
Осмонкул, Айтматов, Элебесов, Витебск, Керченский, Фучик, Бородин, Клубный,
Кронштадский, Мидин, Республиканский, Ак-Жолтой көчөлөрүндө, Төкөлдөш,
Кара-Жыгач, Көлмө, Ак-Тилек конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле
Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө, Фёдоровка,
Жекен, Жон-Арык, Алексеевка айылдарында, Москва районундагы Төмөн-Суу, Кепер-Арык, Чоң-Арык, Ат-Башат, Мураке,
Александровка айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө, Бер-Булак,
Арчалы, Байгелди, Кашка-Суу, Кайырма айылдарында, Байтик айылынын бир бөлүгүнө
электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул
чектөөлөр электр жабдууларын оңдоо иштерине байланыштуу болот.