Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды.

Мелдештин соңку күнү грек-рим күрөшү боюнча беттештер болуп өттү. Анда 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медаль үчүн армениялык балбан менен күрөштү.

Беттештин жүрүшүндө ишенимдүү күрөшкөн Шаршенбеков атаандашына 4 упайлык эки ыкма жасаттырып жиберди. Убакыт бүткүчө атаандашына упайлар менен жете албай койду. Жыйынтыгында 11:7 эсеби катталып, Шаршенбеков күмүш медаль тагынды.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынан башка балбандар медалга илинген жок.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда (u-23) күмүш медаль тагынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elb_2121
2019-11-04 11:37:23
Жоламан азаматтсын ийгилик,атандашына оскар сыйлгын беруу керек экен актёрлугу учун
+2
nazarmat92
2019-11-04 12:46:05
Негизи алтын биздики болчу,тиги армян олумуш экен..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан