Казакстандын Алматы шаарында "Central Asia's Got Talent" шоусу өтүп жатат. Ага ар кайсы өлкөлөрдүн таланттары катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүүдө. "Чыпалак баатыр" каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан. Шоунун финалдык бөлүгүндө Чыпалак баатыр таймаштан четтетилген.
Мындай чечимден кийин Чыпалак баатыр өзбек актрисасы Ситора Фармоновага нааразы болуп жаткандыгын билдирди. Калыстар тобу анын номерин өмүргө коркунуч жаратат деп баалаган. Бирок Чыпалак баатыр "өлсөм илгери эле өлүп калмакмын, бул менин биринчи трюгум эмес" дейт.
"Менин 30дан ашуун коркунуч жарата турган трюктарым бар. Буга чейин деле бир катар шоулорго катышкам. Ошондон бери эле өлбөй, житпей автордук трюктарымды аткарып келе жатам. "Central Asia's Got Talent" шоусунда менин өнөрүмдү коркунучтуу деп оюндан четтетти. Ырасында эле өмүрүмө коркунуч жараткан трюк болсо биринчи баскычта эле айтып, четтетип койсо болмок. Мен шоуго өзүмө ишенгеним үчүн катышкам. Шоудо көрсөтүлгөн өнөрлөрүм уюштуруучулар тарабынан тандалган. Трюктарымдын айынан жаман иш боло турган болсо биринчи же андан кийинки баскычтарда болушу мүмкүн болчу.
Калыстар тобундагы өзбек актрисасы Ситора Фармонова Гүлнур Сатылганованын баскычын басып койду. Бул туура эмес да. Ар ким өзүнүн оюн айтып, өзүнө тиешелүү эле ишти жасашы керек болчу. 500дөй катышуучунун арасынан финалга чыккам. Гүлнур Сатылганова өнөрүмдү баалады. Мен ага ыраазымын, жүрөгү кыргыз деп согот экен", - дейт ал.
Видеодон Чыпалак баатырдын трюгун көргөн калыстар тобунун 3 мүчөсү жок деген белгини баскан. Алар Чыпалак баатырга бул өнөрүн жакшылап иштеп чыгуусун айтышкан. Ситора Фармонова жанында отурган Гүлнур Сатылганованын баскычын басып жиберген. Ал Чыпалак баатырдын кыйналып жатканын карап отура албагандыгын айтып, Гүлнур Сатылганова үчүн дагы жооп кылганын билдирген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова кийинкиде ал үчүн баскычты басуунун кереги жок экенин айткан. "Мисалы мен жок деген белгини баскым келген эмес. Мен Чыпалак баатырдын өнөрүнө буга чейин деле күбө болуп жүрөм. Ага эч нерсе болмок эмес", - деген Сатылганова.