Баткен облусунда 690 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды

Баткен облусунда 690 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ю.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “РЕНО” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп, текшерилген.

"Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 690 миң 50 сомдук, 6 миң 247 киллограмм эл керектөөчү товарлар табылган. Айдоочунун ташып келе жаткан товары мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документи болгон эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
futboler
2019-11-04 13:45:11
Бизнес кылдыра койбогула да, эптеп жан багып жаткандардын баарын тоногула, же завод-фабрика болбосо иштейин десең.
+4
Rakyl12
2019-11-04 14:08:37
бул деле эптеп жанын баккан бир соодагерда.
+2
Saiit
2019-11-04 16:35:21
Тоналап бензиндерди койлор откоруп жатат ошолорду кармагыла!! Бирдемкени кыйратып койгондой иштешиптир мусурлар!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан