
Окумуштуулар балдарга ашыкча мотивация берүү жана аларды мактоо окуусуна терс таасирин тийгизерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эксперимент Кытайдагы мектептердин биринде жүргүзүлгөн.
"Эксперименттин жүрүшүндө окуучуларды үч топко бөлүп, биринчи топтогу балдарга окутуучу берилген тапшырмаларды дыкаттык менен аткаруусун талап кылган. Экинчи топтогу балдарга алар өздөрү эле акылдуу экени айтылган, ал эми үчүнчү топтогу балдарга эч нерсе деп айтылган эмес. Иликтөөнүн жыйынтыгында биринчи жана экинчи топтогу балдардын алган баалары начарлаганы жана аларды мактоо менен ашыкча мотивация берүү натыйжасыз болгону анык болгон.
Балдар өздөрү жоопкерчиликтүү болуп, эмне үчүн окуп жаткандарын өздөрү түшүнүшү керек. Ата-энелер көп учурда реалдуу көйгөйлөргө көңүл бурбастан, башка нерселер менен алек", - деп айтылат макалада.