Александр Крестинин: "Дордой" үчүн бул сезон оңой болгон жок"

2-ноябрда Кыргыз Премьер-Лигасында 27-турдук оюндар болуп өтүп, анда "Дордой" клубу чемпиондукту багындырды. Бул күнү Бишкекте "Дордой" "Абдыш-Атаны" 5:0 эсебинде жеңип алышкан.

"Дордой" 27 оюнда 63 упай топтоп, өз тарыхында 11-жолу чемпиондукту багындырды.

"Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин чемпиондук тууралуу ой бөлүштү. "Дордой" үчүн бул сезон оңой болгон жок. Бардык коюлган тапшырмаларды аткара албай калдык. Өлкө Кубогунда жеңилүүгө дуушар болдук. Бирок чемпиондук менен Суперкубок дагы жакшы көрсөткүч. Команданын жетекчилерине, бизди колдоп турган жакындарыбызга жана албетте, биздин күйөрмандарыбызды куттуктайм", - деди машыктыруучу.

"Дордой" чемпиондукту жеңүү менен 2020-жылы АФК Кубогунун тайпалык баскычына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан