Мексикалык мушкер Сауль Альварес орто оор салмакта Сергей Ковалёвди жеңип, WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды.
Сауль Альварес беттештин ар бир раундунда мыкты болуп, орусиялык Ковалёвди 11-раундунда нокаутка учуратты. Канело өз карьерасында төртүнчү салмак категориясында чемпион болуп отурат. Ал бул беттешке орто салмактан оор салмакка көтөрүлгөн.
Бул жеңиш менен "Канело" каймана аты бар мушкер бокс тарыхында өз атын калтырды. Канело эми WBA, WBC, IBF жана WBO версиясы боюнча чемпион аталды. 4 салмак категориясында чемпиондук буга чейин 16 жыл мурун Рой Жонс гана кыла алган.
Сауль Альварестин бул беттештеги гонорары 35 миллион долларды түзсө, Ковалёв 3 миллион доллар алды.