Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы: "Кыргызстанда жүрүп мыйзам бузган чет элдик жаранды депортациялай турган мыйзам жок"
"Кыргызстанда жүргөн чет элдик жаран мыйзам бузса аны дароо депортация кыла турган мыйзам жок",- деди жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков 13-августта телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда. Айтымында, андай жарандарды сот жообуна тартуу сыяктуу бүтпөгөн процесстер башталат. Ал миграция маселеси боюнча Орусия менен Казакстанды мисал келтирди. "Миграция жаатында Орусия менен Казакстандагыдай мыйзамдарды Кыргызстанда кабыл алууга неге болбосун, болот. Бирок ага Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызыкдар эмес. Андай демилге көтөрүп Жогорку Кеңешке сунуштаган дагы жок. Анткени, аларга азыркы сол чөнтөккө түшүп жаткан миллиондор жетиштүү",- дейт Аскарбеков.