Биз социалдык тармакта

Журналист Чынара Токонова каза болду

Журналист Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдирди.

Чынара Токонова кечээ, 3-ноябрда инсульт алып, ооруканага жаткырылган.

Ал эми дарыгерлер журналист операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.

37 жаштагы Чынара Токонова КТРК, НТС, Бешинчи каналда, ошондой эле "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда иштегени маалым.

SUPER.KG порталы Чынара Токонованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Былтыр Чынара Токонованын апасы КТРК каналынын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымынан улам кызы инсульт алып, ооруканада оор абалда жатканын кабарлаган. Ал эми Жылдыз Жумабекова Чынара Токоновага эч кандай кысым болбогондугун, ал жумуштан кетүү боюнча арызын өз каалоосу менен жазганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nevestkaa
2019-11-04 16:03:08
Жумуштан алынып инсульт болдум деген эжеби?Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Туугандарына көңүл айтабыз.
+16
Nur777
2019-11-04 16:06:42
Ии бул эже стрессте журбоду беле(((((((
Жаткан жери жайлуу болсун...
+13
katerina.li
2019-11-04 17:04:05
Жаман кабар экен. Жапжаш кете бериптир байкуш эже. Жаткан жери жайлуу болсун.
+10
taalay25
2019-11-04 17:26:46
Чика Жакшы кыз болчу
+4
vikidiki
2019-11-04 18:27:28
Довели деген ушу да. Жаткан жери жайлуу болсун! Жаман болду ,жапжаш эже эле.
+10
asman.81
2019-11-04 20:25:06
Ктр каналын тазалоо керек,ашмалтайы чыгып бутту.Жалан 4-5 бийликтин чапкысын чапкан озум билемдер ээлеп алган.Каалаганды чыгарышат,каалагандарга бут тосушат,озум билем отугун торго илемдер отурушат .
+8
arimaz89
2019-11-04 20:34:35
Бейиши болсун!
+6
-Sumitra-
2019-11-04 21:10:41
Иий байкуш павторный инсульт алыптыр да анда.Жаткан жери жайлуу болсун!
+4
amirrus
2019-11-05 10:31:35
жакшы киши эде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан