4-ноябрга караган түнү Англия Премьер-Лигасынын алкагында "Эвертон" - "Тоттенхэм" беттеши өттү. Анда "Эвертондун" футболчусу Андре Гомештин оор жаракаты күйөрмандарды гана эмес, футболчуларды да нес кылды.
78-мүнөттө Гомешти токтотуу үчүн Сон Хын Мин менен Серж Орье чалып жыгылтышкан. Сон Хын Мин эмне кылганын көрүп алып, көзүнө жаш алды. Андре Гомештин буту ошол жерден сынган. Башкы калыс корей футболчусуна кызыл кагазды көрсөткөн.
"Кызыл кагаз болбосо деле мындан кийин Сон оюнду уланта алмак эмес. Ал эмне кылганын көрүп алып, өзүн кармана албай кетти. Футболчу футболчунун жаракат алганын жакшы түшүнөт, Гомешке эртерээк айыгып кетишин каалайбыз", - деп билдирет Сон Хын Миндин командалашы Деле Алли.
Оюн эсеби 1:1 менен аяктаган.