Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозициялык партиялар, лидерлер жок". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Кыргыз мамлекетинде оппозициялык күчтөр жок экенин айтты.

"Азыр Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бул карапайым эл жана эркин маалымат каражаттары. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде элди ээрчите турган күчтүү оппозиция жок. Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракцияларды эл тааныбайт. Кийинки шайлоодо жаңы оппозициялык күчтөр келет деген ойдобуз", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан