Катар-2022: Япония жана Тажикстан менен болгон оюндарга Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду

Ноябрь айында боло турган Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Александр Крестинин жалпы курамга 23 футболчуну чакырган.

Кыргыз курама командасы 9-ноябрда Ташкентте Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 14-ноябрда Бишкекте Япония менен ойносо, 19-ноябрда Тажикстанды кабыл алат.

Курамга жаракатынан айыккан Азамат Байматов чакыруу алган.

Кыргыз курама командасынын курамы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (бардыгы – «Дордой»)

Коргоочулар: Валерий Кичин («Динамо-Минск», Беларусь), Виктор Майер («Виденбрюк», Германия), Айзар Акматов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Мустафа Юсупов (бардыгы – «Дордой»), Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Акрамжон Умаров («Алай»)

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов («Алай»), Алимардон Шукуров («Болуспор», Турция), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат (бардыгы – «Дордой»), Гүлжигит Алыкулов («Неман», Беларусь).

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Ульм 1846», Германия), Мирлан Мурзаев («Дордой»).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
oroskulov1988
2019-11-04 18:14:31
Ак шумкалар биз сиздер менен Алга Кыргызстан
+6
Altyn.bala
2019-11-04 18:38:08
Землянухин жок болду го такыр эле.
+4
KAYRATBEK
2019-11-04 18:38:18
Баарын женгиле.
+4
interpol
2019-11-04 18:50:42
Бул беттеш күйөрмандарсыз өтүп калышы мүмкүн деген эле эмне болду чечилдиби?
Ушул туралуу маалымат жазып койсоңор. Алга биздин Акшумкарлар Аллах колдоп жеңишти камсыз кылгыла.
+4
Altyn2017
2019-11-04 21:05:22
interpol, эртен билинет буюрса кандай чечилгени.
+1
bessmertiy
2019-11-04 20:36:55
Байматовго ичим чыкпады. Чакырбай эле койбоптур.
+3
elb_2121
2019-11-04 21:25:41
bessmertiy,Болду биз женилип калбасак эле болду Азамат Байматов ойносо
+4
tular
2019-11-05 01:08:42
bessmertiy, Мен башында эле айткам Байматову жок эле ойнош керек деп. Байматов талтайып чуркай албайт...
+4
Altyn2017
2019-11-04 21:06:27
Байматовду жөн эле койчу эми Крестинин байке анын эч пайдасы жок болуп калган мына көрөсүнөрго.
+3
Raatbek700
2019-11-04 21:53:52
Байматовдун ордуна Антон ойносо болсок ал Рамос карыды окшойт
+2
TalaCSKA
2019-11-04 23:41:52
Raatbek700,раатбек футболдон тушунугун жок болгондон кийин уят болуп жазбай эле койсон болмок!!! Азамат центральный защитник Антон нападающий . Азаматты жек коргонунорду токтоткула футболду тушунбосонор! Кыргызстанда Байматовтун уровенинде защитник жок даже Кичин.
-3
tular
2019-11-05 01:07:19
TalaCSKA, Байматов талтайып чуркай албайт да!
+2
TalaCSKA
2019-11-05 03:44:16
tular, анда Дарья Маслованы да чакырсын кыйын чуркайт )))
+1
murat17
2019-11-05 11:10:29
TalaCSKA,туура айтасын футболду кече эле коруп баштагандар кыйын билген адам болуп жазышып баш оорутушат негизи Байматов жакшы коргоочу бирок акыркы учурда формада эмес Крестинин башкы курамдан Байматовду чыгарбаганы он Козубаев жакшы формада
+1
murat17
2019-11-05 11:16:26
дарбазада Матяж ортонку коргонуу Козубаев он канаттан Юсупов сол канаттан Кичин жарым коргоонууда ортодо Бернхард жана Шукуров он жактан Жыргалбек уулу сол канатта Сагынбаев чабуулда ортодо Люкс он канатта Мурзаев сол канат Алыкулов 3-4-3 ушул тактика иш бериши мумкун
+1
KG_7755
2019-11-06 00:47:16
Ак шумкарлар алга! Биз жалаң жеңишти күтөбүз! Силерге ишенебиз!!!
0
erjigit-e.15
2019-11-09 14:03:51
Азамат дем алчы? Антон чыкса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан