АФК Кубогуна 2020-жылы Кыргыз өлкөсүнөн "Дордой" менен "Нефтчи" катышат.
"Дордой" өлкө чемпиону катары АФК Кубогунун тайпалык баскычынан жүрүшүн баштаса, "Нефтчи" өлкө Кубогун жеңген команда катары тандап алуу оюндарынан ойноп баштайт.
Тайпалык баскычта "Дордой" Тажикстандын чемпиону "Истиклол", Түркмөнстандын чемпиону жана тандап алуу оюндарында жеңүүчү аталган команда менен ойнойт. Кочкор-Атанын "Нефтчиси" жеңүүчү болсо, тайпага өтөт.