Грузияда жигиттердин сүйүүсүн баяндаган тасмага каршы акция өтөт

2019-жылы май айында, Канн кинофестивалынын расмий эмес программасында теги грузиялык режиссёр Леван Акиндин "Андан кийин биз бийледик" аттуу грузин тилиндеги ЛГБТ тасмасынын бет ачары болгон. 8-ноябрда аталган тасма Тбилисидеги кинотеатрларда көрсөтүлмөкчү. Бүгүн, 5-ноябрда "Грузин жөө жүрүшү" уюмунун лидери Сандро Брегадзе тасманы көрсөткөнгө каршылык көрсөтүшөрүн, көрүүчүлөргө күч колдонбой, бирок кинотеатрларды тосушарын билдирген. Ошондой эле ал чиркөө кызматкерлерин, дин өкүлдөрүн каршылык акцияга чыгууга чакырган. "Тасманын эч кандай руханий байлыгы жок. Бул кадимки эле гейлерди пропагандалоо" дейт активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан