Нарын-Баетов унаа жолунда 4 окуучу каза болуп, экөөсү жаракат алган жол кырсыгы боюнча Нарын ОИИБи кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш иши “жол эрежесин жана автоунааны колдонуу эрежесин бузуу” беренеси боюнча козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эске сала кетсек, 12-августта Нарын-Баетов унаа жолунда автокырсык болуп, 4 мектеп окуучусу каза тапса, экөөсү ооруканага жеткирилген. Каза болгондор: Абдыталип уулу Айбек, Сталбек уулу Тилек, Бакыт уулу Аскат, Таалайбек уулу Адилет. Ал эми унааны башкарып бара жаткан Таалайбек уулу Урмат менен Замирбек уулу Кайрат учурда Нарын облустук ооруканасында жатат.