Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэри журналисттерге: "Вице-мэрлер бүгүн силердин колуңарда"

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаардык мэриясы журналисттерди келе жаткан 7-ноябрь басма сөз күнү менен куттуктады. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген майрамдык иш-чарада шаар мэри Азиз Суракматов сөз сүйлөп, журналисттерди куттуктады.

"Урматтуу журналисттер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Сиздер эл менен мэриянын ортосундагы көпүрөсүздөр. Журналисттер тарабынан айтылган, жазылган ар бир сөзгө маани беребиз жана аны оңдоого аракет көрөбүз", - деген Суракматов вице-мэрлер менен тааныштырып өттү.

Анда ал бүгүнкү иш-чарага вице-мэрлер, мэриянын аппарат мүчөлөрү толук келгенин айтып, баары бүгүн журналисттердин колунда экенин, керектүү болуп жаткан бардык маалыматтарды алууга аянтча түзүлгөнүнө токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altyn-kumush
2019-11-05 16:44:50
Бардык ММК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. ММК бүгүнкү күндө өтө чоң күчкө ээ. Элди дайыма туура маалымат менен сугарып жүрө бергиле.
0
Erik2018
2019-11-05 17:03:37
Суракматов шаарды жакшыртуу учун жакшы аракеттерди клып жатат молодец
0
chake
2019-11-05 17:09:48
Суракматов башка мэрлерге салыштырмалуу бир топ эле жакшы иштеп жатат. Мен да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып журналисттерди куттуктап койгум келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан