Кара-Суу районунун тургуну "күйөөсүн өлтүрдү" деп айыпталууда

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда өзүнүн жолдошун өлтүргөн айым кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 24-ноябрь күнү эртең мененки саат 05:45терде аталган райондун айылдарынын биринде 30 жаштагы Э.Унун жансыз денеси табылган. Ыкчам тергөө иштеринин кызматкерлери тарабынан жабырлануучуга 4 жолу бычак сайылганы анык болгон. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп Э.Унун жубайы кармалды. Күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, жубайлар көп урушуп, жогорудагы кылмыш дагы уруштун негизинде келип чыккан. Учурда Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан