Бүгүн, 5-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпионаты - Кыргыз Премьер-Лигасы 28-турдук оюндар менен быйылкы сезон жыйынтыкталды.
Анда Бишкекте "Дордой" "Кара-Балтаны" 7:0 менен утуп алды. Буга чейин Крестининдин командасы 27-турдан кийин чемпиондукту багындырган.
Чемпиондукта экинчи орунду Оштун "Алай" командасы ээледи. Акыркы турдук оюнда "Алай" өз үйүндө "Илбирсти" 4:0 эсебинде жеңип, 62 упай топтоду.
Чемпиондуктун коло медалдарын Бишкектин "Алга" командасы ээледи. Акыркы турда Кантта "Абдыш-Атаны" 3:0 эсебинде жеңип алды.
28-турдук оюндар:
«Кара-Балта» - «Дордой» - 0:7
Голдор: Жыргалбек уулу (24'), Ахмедов (41'), Оразсахедов (50' 71' 84'), Жолдошов (65' 82')
«Алай» - «Илбирс» - 4:0
Голдор: Ахматалиев (34'), Кожо (59' 83' 85')
«Абдыш-Ата» - «Алга» - 0:3
Голдор: Тимур уулу (41' 89'), Власичев (пен. 53')
«Нефтчи» - «Академия-Лидер» - 6:0
Голдор: Молдожунусов (17' 36' 45'), Абдуллаев (28'), Гоголадзе (аг* 70'), Өмүралиев (71')