Ош шаарында дүкөндүн сатуучусун бычактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын дарыгери 1984-жылы туулган М.Р. аттуу жаран миздүү буюмдан жараат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө тобу бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, шектүү катары М.Х. аттуу жаранды кармашкан. Окуя 1-ноябрь күнү Курманжан Датка көчөсүндө болгон. Анда зоологиялык дүкөндү ижарага алып иштеткен жаран менен дүкөндүн ээсинин ортосунда уруш чыккан. Мындан улам дүкөндүн ээси М.Х. жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен маркумду көкүрөк тушка сайган. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, ал 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.