Колу-бутун байлап, камыштын түбүнө таштап кеткен. Чүйдө таксистке кол салган деп шектелип эки жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда таксистке кол салып, аны тоногонго шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү 28 жаштагы таксистке эки жаран Калыс-Ордо жаңы конушуна жеткирип коюну айтып, суранышкан. Айтылган дарекке жеткенде эки жүргүнчү таксистке кол салышкан. Алар аны коркутуп, 7 миң сом акчасы менен телефонун тартып алышкан. Андан кийин таксисттин көзүн, оозун, колу-бутун скотч менен байлап, камыштын арасына таштап кетип калышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу көп өтпөй шектүүлөрдү кармашкан. Алар 22 жаштагы Нарын облусунун тургуну М.Т. жана Жалал-Абад облусунун тургуну 21 жаштагы С.Н. болушкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
555-777
2019-11-05 20:35:26
"Тиги таксырбы", дешетко дагы, сакалың өрттөнгүр үч тамга бузуку таксыр.
+3
aerforce
2019-11-05 21:00:32
Опер красавчик
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан