Баткенде жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү

Баткен шаарында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында Баткен шаарындагы Жибек Жолу жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц унаасынан эки аял, бир эркек жабыркаган. Алар Баткен шаардык ооруканасынын сынык бөлүмүнө кайрылышкан. Кырсык боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан