13-август күнү Баткен районунун Самаркандек айылында сел жүрүп, 1 көмүр шахтасы көчүп түштү. Ал жерде иштеп жаткан жергиликтүү 3 тургун шахтанын алдында калды. Издөө иштерине ӨКМнын 27 куткаруучусу тартылып, бүгүн, 14-августта саат 06:00дө окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Мындан сырткары Жаңы-Бак айылындагы сугат суусу өтүүчү 2 лотокту сел бузуп, 1 жеңил унааны агызып кеткен.