ЖАМК каза болгон жоокердин өлүмүнүн себебин алдын ала айтты

Каза болгон жоокердин өлүмүнүн себеби алдын ала айтылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоокердин денесине соттук медициналык экспертиза жасалды. Анда анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон.

"Жоокердин өлүмүнүн так себеби экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп баштады. Жоокер 20 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну. 2018-жылы аскерге чакыртылып, Новопокровкадагы №3-абакта кызмат өтөп жүргөн. Ал кызмат кылып жаткан жерде инженер-техникалык жабдууларга жооптуу болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин жоокери каза болгону белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан