Бишкектин 5-кичи районунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-кичи райондо жеңил унаадан чыккан өрт саат 20:42де толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок.
Ал эми видеого тартып жаткан кыз өрт өчүрүүчү унаа жолдун тардыгынан улам кире албай калганын айтып жатканын угууга болот.