Нарын облусунун тургуну Ысык-Көлгө чөгүп каза болду
Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлгө Нарын облусунун тургуну
чөгүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя
13-августта
саат 16:45те болгон. Суучулдарды
даярдоо борборунун кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 1988-жылы туулган Кочкор районунун тургуну Акбар
Исмаиловдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.