40 килограммга арыктаган аял күйөөсүнөн баш тартты

Түштүк кореялык йога инструктору Пак Жи Вон төрөгөндөн кийин чоң депрессияга кабылган. Депрессиянын кесепетинен зыян азыктарды көп жеп, салмагы 86 килограммга жеткен. Ал моралдык жактан колдоого муктаж болуп турганда жолдошу анын келбетине асылып, жагымсыз болуп баратканын айта берген. Катуу ызаланган Пак жолдошунун көңүлүн бурдуруу үчүн арыктоону чечкен. 10 ай бою диета кармап, тынымсыз спорт менен машыккан айым 40 килограммга арыктаган. Бирок жолдошу анын аракетин баалабай, сындаганын калтырган эмес. Ошондо Пак аны менен мамилесине чекит коюуну чечкен. Ажырашуудан кийин Пак жаңы жашоону баштаганын айтат. Азыр ал айымдарга арыктоо тууралуу кеңеш, пайдалуу рецепттерди жазып белгилүү болгон блогер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2019-11-06 14:16:17
Жашы канчада экенин да жазып койсонор жакшы болмок. Куйоосу бармагын тиштеп жатса керек эми.
+3
Gulya78
2019-11-06 15:09:14
Куйоосуно рахмат айтсын,унчукпаса дальше кетет эле
+21
Nevestkaa
2019-11-06 15:23:22
Эрки күчтүү аял экен.
+11
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-11-06 16:17:46
Мен да 10кг арыктасам сонун болмок(Бирок күйөөм семизсин дебей эле.
+10
kypkyzyl-jindi
2019-11-06 21:34:06
Baktyluu_bolgum_kelet,кой сенам куйону таштап кетип калба анан.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-11-06 21:50:38
kypkyzyl-jindi, Мындай күйөөнү дүйнөнү 4кыдырсам
да таппайм)
+3
souza.j
2019-11-07 08:50:31
kypkyzyl-jindi,сенам
0
tatynam_88
2019-11-06 16:53:39
Арыктабасан башка аял алам десе,аялы арыктап туруп башкага кетип калыптыыр дегенден болуптур
+16
Begimkyz.
2019-11-06 18:37:44
Илгери неге эле арыктайм дей беришет деп тан калат элем, азыр тан калбай эле, арыктай албай калдым)
+6
miminaz
2019-11-06 20:56:37
Жайлаптыр
+3
Bolot.million
2019-11-06 22:44:18
Күйөөсү айтбаса арыктамак эмес рахмат айтыш керек кайра
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан