Наталья Водянованын кайнатасы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен экинчи орунга чыгып, Билл Гейтсти артка калтырды

Франциялык бизнесмен, "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын президенти Бернар Арно "Forbes" түзгөн рейтингдин жыйынтыгы боюнча, "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтсти ашып өтүп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен экинчи сапка илинди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Ал эми тизмеде биринчи сапта "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос турат. 5-ноябрдагы жыйынтыкка ылайык, Арнонун каражаты 107 миллиард доллар деп бааланган. Ал эми Билл Гейтстин каражаты 106 миллиард 900 миллион долларды түзгөн.

Бернар Арно теги орусиялык, белгилүү модель Наталья Водянованын кайнатасы. Наталья Водянова Бернар Арнонун уулу Антуан Арно менен 2011-жылдан бери чогуу жашашат. Ортосунда Максим жана Роман аттуу уулдары бар.

Forbes'тин жаңыланып турган топ-5 рейтинги төмөндөгүдөй:

1. Жефф Безос — 112 миллиард 300 миллион доллар;

2. Бернар Арно — 107 миллиард доллар;

3. Билл Гейтс — 106 миллиард 900 миллион доллар;

4. Уоррен Баффет (инвестфирма Berkshire Hathaway) — 87 миллиард 100 миллион доллар;

5. Марк Цукерберг (Facebook) — 72 миллиард 100 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2019-11-06 13:14:13
ХХХХ миллияр мага 50мин доллар болсо эле жетмек ......
+2
Aimani
2019-11-06 13:33:46
Водянова орусиянын кичине шаарчасында төрөлүп, жетишпеген турмуштан окуучу кезинде базарга чыгып жер жемиш сатып жүргөн. Анан случайно модель издеп жургондор көрүп калып жолу ачылат экен. Эии дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында. Везение деген ушул экен да.
+6
zzz---zzz
2019-11-06 14:57:33
Кабатыр болбогула биз алардан да байбыз, эсен соо колубуз, бутубуз бар, мусулман анын ичинде кыргыз болуп жаралганбыз мындан өткөн байлык барбы. Жылаңач келебиз, жылаңач кетебиз.
+16
Apyn8793
2019-11-06 15:00:14
Байлыгын менин байпагым деген соз бар элибизде
0
Nevestkaa
2019-11-06 15:27:13
Бай болгон да жаман эмес .Бизге да миллиард болбосо да кичине жуксун жуксун.


+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан