Тажикстан чек арада чабуул жасагандар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экенин маалымдады

Өзбекстандын Чек ара кызматы коңшу Тажикстандын "Ишкобод" чек ара бекетинде болгон окуяны иликтеп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлүнүн берген маалыматына таянуу менен жазышты.

Көп өтпөй аталган окуя боюнча Тажикстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети маалымат таратканын жергиликтүү басылмалар жазды. Таратылган маалыматта чабуул жасагандар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылат.

Алар аталган чек ара бекетине атайын тапшырык менен өтүшкөн жана аталган аймак чабуул жасоого ыңгайлуу бөлүкчө болгонун айтып, түшүндүрмө беришкен.

Эскерте кетсек, бүгүн 6-ноябрда түнкү саат 03:23 чамасында куралчан топ Тажик-Өзбек чек арасындагы №4 "Ишкобод" аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pyeon hwa
2019-11-06 17:35:43
Баткен жакты катуу караш керек! Кутуп отурбай
+10
murat17
2019-11-06 18:03:07
не только Баткен Тажистан менен Ош дагы чектешет
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан