Британиялык окумуштуулар жарым миллион чылым чеккен адамдын ДНК анализин алып, жаман адат шизофрения, депрессияга кабылууну күчөтөрүн аныкташкан. Бул изилдөө "Psychological Medicine" журналына басылып чыкты.
Окумуштуулардын билдирүүсүнө караганда, дүйнөдө 21 миллион адам шизофрения оорусу менен жабыркайт. Статистикага ылайык, өнөкөт жин оорусуна көп кабылгандар 15-35 курактагы жаштар. Никотинге көз каранды адамдар чылым чекпегендерге салыштырмалуу эки эсе көп шизофренияга кабылып, депрессия болушат. Генетиктердин теориясына ылайык, никотин мээдеги негизги "бакыт гормону" болгон серотонин, дофаминдин иштөөсүн бузат. Натыйжада "жин оорусу", депрессия козголуп, күчөйт.