Новосибирск шаарынын Хилокск базарындагы массалык мушташка катыштыгы бар деп Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Ш.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран мекендештеринен опузалап акча талап кылуу жана бейбаштык боюнча шектелүүдө. Ал 36 жашта. Иркутск облусунда жашынып жүргөн жеринен кармалды. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө деп жазылат маалыматта.
7-октябрда Хилокск базарында чыккан массалык мушташта Кыргыз жарандары катышып, ок атышуу да болгон. Бул окуядан кийин 25 адам кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1988-жылы Кара-Суу районунда туулган А.А. жана 1990-жылкы П.Н. аттуу Новосибирск тургуну кармалган.
Окуядан кийин базарда иштеген жүздөн ашык адам А.А.нын уюшкан кылмыштуу тобунан көп убакыт бою жабыр тартып келгенин полицияга айтышкан. Мындан улам А.А.га дагы 12 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кылмыштуу топтун дагы он мүчөсүнүн аты-жөнү такталган. Алардын бардыгы Ош облусунда туулган жарандар экендиги анык болгон.