23-октябрь күнү Эл аралык "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Баштапкы маалыматтарда анын жанында чоң суммадагы акча болгону айтылган. Интернет булактарында "каза болгон киши чет өлкөгө чоң суммада акча которуп иштеген ишкер болгон" деген билдирүүлөр тарап, окуя Жогорку Кеңеште талкууга алынды. Айрым депутаттар, коомдук активисттер "ишкерлерге криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү ачык кысым көрсөтүп жатат" деген пикирлерин айтышты. Өз унаасынан сөөгү табылган жарандын жайын билүүгө аракет кылдык.
Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№888, 7-ноябрь, 2019-жыл) таба аласыз.