Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 71 жаштагы аялдын окуясына 2 ай. Шектүүлөр кармала элек

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү өз үйүнүн короосунан табылган. Азыркы учурда бул факты боюнча шектүүлөр кармала элек. "Жакынкы күндөрү бул иштин бети ачылат. Азыр биздин кызматкерлер ар кандай версиялар менен иштеп жатышат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү өз үйүнүн короосунан табылган. Ыкчам-тергөө тобу барганда, короодо аялдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Маркум көмкөрөсүнөн жаткан жана бир жарым метр алыстыктан канга боёлгон бычак табылган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзгөндө артына 9 жолу миздүү нерсе менен сайылганы аныкталган. Аялдын буту жана чачы күйгөн. Үйдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми маркумдун кошунасы эч кимге зыяны жок, элге пайдасы гана тийген аял болчу деп айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalajbekakkya
2019-11-08 18:24:07
Каап табылганда жакшы болмок,и здегендерди артынан турткулогон эч Ким жок болсо 2ай 4 ай деп жатышып ишти жаап салышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан