super.kg logo
«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


ЭЛДИК КАБАР: "Ошто эки кабаттуу үй толук өрттөнүп кетти" дейт окурман

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Окурмандын айтымында, өрт бүгүн, 6-ноябрь күнү саат 05:00 чамасында башталып, 07:00дө өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт үйдүн морунан чыккан.

Жабыркагандар жок.

"Эки сааттын ичинде үй толук күйүп бүтүп калды. Өрттү өчүрүүгө 3 унаа келген. Бирок алар үйдөгү буюмдарды сактап кала алган жок", - деп билдирди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.11.2019. 01:14 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
02-09-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 18:31
Жынысы:
Белгисиз
-8
Толук куйуп кетти десе тыптыйыл куйуп эч нерсе калбаптыр фундаменттен башка деп ойлоптурмун.

Дубалдары бутун экен. Устун жаап, ичин ремонттоп кайра жашай берсе болот.

Же Соке жердешинерден жардам умуттонуп отурасынарбы?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133700;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: