Москвада теракт уюштурууга шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 5-ноябрда Кыргыз жаранына жактоочу дайындалды. Бул иш элчиликтин көзөмөлүндө болот.
Орусиялык басылмалар Кыргыз жараны Москванын метросунда теракт уюштуруу аракетине шектелип, камакка алынганын жазып чыгышкан.