Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн Япония жана Тажикстан менен боло турган оюндары көрүүчүлөр менен өтөт

Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн Япония жана Тажикстан менен боло турган оюндар көрүүчүлөр менен өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Кыргыз өлкөсүнүн Мьянма менен болгон беттешиндеги күйөрмандын талаага чуркап чыкканы боюнча ФИФАнын дисциплинардык комитетинин жыйыны 4-ноябрда өтмөк. Бирок аталган жыйын өз убагында болбой, башка мөөнөткө жылдырылган. Мындан улам ноябрда орун ала турган беттештер көрүүчүлөр менен өтөт.

Кыргыз өлкөсү Япония менен 14-ноябрда жана Тажикстан менен 19-ноябрда ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tai19
2019-11-07 11:12:11
Ошондой эле болсун!Ак шумкарлар Ийгилик!биз утабыз буйруса!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан