Анжелина Жоли АКШдан кетүү ниети бар экенин билдирди

Актриса Анжелина Жоли АКШдан башка өлкөдө жашоону пландап жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу ал чет элдик басылмалардын бирине берген интервьюсунда айткан.

"Менин балдарым 18 жашка чыгары менен башка өлкөгө кетейин деп жатам. Азырынча алардын атасы каалаган жерде жашоого мажбурмун", - деген ал.

Актриса кайсыл өлкөгө көчүп кетерин так айткан эмес, бирок ал ар дайым аны Африка кызыктырып келгенин айтып келет.

Эске салсак, Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2016-жылы эки башка жолго түшүшкөн. Ал жолдошунун бала тарбиялоодогу ыкмаларын жактырган эмес. Актриса ажырашуу демилгесин өзү көтөрүп, сотто 6 баласын өзү менен калуусун сураган. Түгөйлөр ортодогу таарынычтарды, пикир келишпестиктерди унутуп, 6 баланы тарбиялоо керек экендигин түшүнүшкөн соң 2019-жылдын май айларында кайра жарашкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2019-11-07 12:37:43
Биз тарапка
+3
Tymar
2019-11-07 13:16:15
Бизде АКШга барып жашоо кыял бойдон эле калып жатат. Биздикилер АКШга жете албай жатсак, булар бокко качат экен да.
+2
Saiit
2019-11-07 16:56:40
Tymar,АКШнын кайагы кызыктуу ал жак ото зеригиштуу тууган урук досу жар жок и Мусулмандарды жек корот не кереги бар Кыргыстаныма жетпейт ар дайым онугкп осо бер кыргызыстаным
+8
elmira.
2019-11-07 22:53:41
Каалаганы окуйт да тоба...мен учун кызык голливуд жылдыздары...
0
oscar
2019-11-08 00:29:06
Бирөө жете албай жүрсө бирөө кете албай жүрөт деген ушу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан