Геннадий Головкиндин кезектеги каршылашы аныкталды

Эл аралык Бокс федерациясы (IBF) орто салмактагы азыркы дүйнө чемпиону казакстандык Геннадий Головкинге чемпиондук титулун коргоону милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына бокс промоутер Эдди Хирн билдирген.

Головкиндин кезектеги каршылашы IBF'тин титулуна негизги талапкерлердин бири польшалык Камил Шеремета болот. Беттеш 2020-жылдын февраль айында АКШнын Чикаго шаарында өтөрү айтылууда.

"Мен Головкин менен жолугам. Биз анын кезектеги беттеши тууралуу сүйлөшөбүз. Анын каршылашы Камил Шеремета болоорун айтам", - дейт промоутэр Хирн.

Эдди Хирн мушкерлер бул беттеш үчүн спорттук карьерасындагы эң көп гонорар алышарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-11-07 19:49:48
Дастан Шаршеев менен Нурсултан Рузибоевдин бойу болот бекен. Болсо качан? Админ айтып коёсуздарбы. Рахмат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан