13-августта саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын 24 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну “IPhone” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз бир аялга тарттырып жиберген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аял милицияга арызданып, Свердлов РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп кылмышка шектүүнү кармашты. Ал Бишкек шаарынын 48 жаштагы тургуну С.Г. Учурда факты боюнча тергөө жүрүп жатат.