Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чектешкен аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 6-ноябрда саат 21:56да болду. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Сай, Беш-Таш айылдарында 4 балл, Терек-Сай, Бузук, Кызыл-Токой, Ак-Машат айылдарында 3 жарым баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.